Жазуучу Ашым Жакыпбековдун баардык манасчылардын вариантын колдонуп, кара сөз түрүндө жазып чыккан бул романы, окурмандарды кайдыгер калтырбайт болуш керек.
..........
Кырк нөкөр сулуу кырк чорого алтын ооз каркыттан арак сунуп, үй-үйүндө сыйлап калганда Алмамбет гана эшик оозунда турганын көрүштү Манас менен Каныкей. Көрүштү да, Алмандын эси чыккан немедей алайып карап турганына күлүп ийишти. Анда Алмамбет кебелип койбойт, эмне болду дегендей ээк каккан Манаска көрүп албайсыңбы деп ичкериге ээк жаңсайт.
Көрсө кызык иш болуптур.
Алмамбет жарыштан чыгып келип, алеп-желеп болуп үйгө кирип барса, эпчи бурчта үтүрөйгөн кара кыз отуруптур. Арууке апсун окуп, албарсты болуп кубулуп алганын Алмаң кайдан билсин. Тирүү жан карагыс кара кызды көрүп алып, Алмамбеттин көңүлү жипкирип, кайра чыгып турмагы ушул экен.
Кайнисинин көңүлү айнып турганын бейлеген Каныкей кыз оюндун жаңы түрүн баштады. Эми мындай, деди Каныкей, айбан аттын жүйрүгүнө моюн сунбай, кийин өкүнүп калбагыдай, мына азыр сулуулар баатырларды өз өзү тандасын. Каныкейдин айтканы болду, кыздарынын көздөрүн байлап, кырк баатырды четке тургузуп, бирден барып кармаганыңарга тийгиле деген эрк болду. Көзү байлануу кырк сулуу кайсалап келип катар турган баатырларды бирден кармап кетишти. Баары эле аты апкелген күйөөлөрүн таап кетишти. Алмамбетти дагы баягы калабалуу кара кыз келип кармады. Баарына тийди сары кыз, мага эле жабышып калды ботала болгон кара кыз, деп Алмамбет эми чындап бушайман болду. Ызалыкка жеңдирип кол шилтеп басып кетүүгө баатырлык наркы жол бербейт. Оюнга катышпай ак коюуга кыз оюн-салты жол бербейт.
Береги бир-бирден жактырган баатырларды колтуктап, ийиндерине башын жөлөп солкулдаган кыздар күлкү салды:
— Кайда кеткен Арууке
— Кайдан келген бу кыз?
— Салпылдаган бу немени катарга кошуп ким жүрсүн!..
Каныкей сыйкырдын сырын дале ичке катып, Алмамбетке бир келип шыбырады:
— Уругу улук кайыптан бу кыз, нускасында майып жок…
Аруукеге келип бир шыбырады:
— Бу баатыр какандын кашка тунугу, калың кытай улугу. Каалабастан кашайсаң Манаска сен тий, Алмамбетке мен эле тийейин!..
Арууке анда кеп айтат. Үнү чыкса, жөн эле кара кыз эмес, тантык кара кыз болуп калыптыр:
— Кыргыз эли туйук, кытай эли буйук, эмне мага туш келет кайта-кайта жүйүп? — деп тылтыйып тилин чыгарып коёт.
Каныкей кыз оюнга дагы жардык кылды: эми кыздар туруп, баатырлардын көзүн байлашмай болду, баатырлар өз-өзү кыз тандашмай болду.
Манасты баш кылып, барча баатырдын көзүн байлашты, Барча кыз кырка турду. Баатырлар кайсалап келип, кайра эле баягы аты таап келген кыздарды кармап кетти. Манастын кучагында Каныкей. Алмамбет дагы барып жанагы тантык кара кызды кармаптыр. Анан калса баштагыдан бешбетер болуп алыптыр: тулга согончок, төө таман, бети таш тулгадай, караса казан көөсүндөй, акшыңдаган эки көзү жеп ийчүдөй тиктейт, эти таар куудүрөк, коңур куйкул түйдөк чачы бетек болуп бүтүптүр, деңгедей башы бар, жыйырмадан өткөн жашы бар. Баарынан да жанына жуук баргысыз саңырсыган жытын айт…
Алмамбет сыйкырдын сырын туюнду.— Мен ушу сулууну тандадым! — деп кашкая күлдү да сыйкырдын жети арибин тескери окуп, өз амалын оң айтар замат кара кыздын үстүндөгү кеби сыйрылып түшүп, карагат көздүү, ай жүздүү адеми сулуу, үстүнөн ылдый нур төгүлүп тургандай жаркып алдына тура калганда калган кыздардын өңү өчө түшкөндөй болду. Башкасы түгүл Манас да, Каныкейдин колун коё берип, оозун ачып калыптыр. Каныкей алдыртан чыканагын кыса кармаганда гана кылчая берип, каалгадай кашка тишин кашкайтып күлүп жиберди. Ушинетип, Манас каалап колукту алып, кырк баатыр тандап зайып алып, отуз күн оюн, он күн жыйын болуп, кырк күн өттү. Куда-сөөк мамыр-жумур болушуп, айтылбаган сөз, ичилбеген чай калбады. өнөрпоздор бар өнөрүн көрсөтүп, ырдалбаган ыр, бийленбеген бий калбады. Келген элдин жарпы жазылды, ичте таруудай кир калбай, баарынын көңүлү ачылды. Темиркан менен Акмама кызын узатууга камынды. Кыргыздар келин алып кайтууга жыйынды. Манас менен Каныкей кол кармашып дайра бойлой сейилдеп баскан кызык күндөр калды буерде. Алтымыш кабат ак мамыктын аягын бийик жазданып, аркардай мойну созулуп, торгойдой көзү коюлуп, эки жүрөк, бир дене болуп кыналышып, уктабай таң атырган түндөр калды буерде. Алдыда дагы нечен оюн, нечен шаң, кантсе да кыз өмүрү калды буерде
Кырк бир отоо үй толтура дүрдүнүйө жыйылып турган. Темиркан менен Акмама кыздардын жеңил себин камдатып, кырк бир отоо үйдү чечтирип, андан башка канча байлык, канча жүк, эки миң атанга жүктөтүп, алты шаар элинин көбү келип жыйылып, жабыла бата берип кырк кызын узатты. Кырк бир келин көчүрүп, ак байбиче Чыйырды баштаган көчтүн башы талаа ортосуна барып калса да, аягы шаардан али үзүлүп чыкпаган узун көч менен жолго чыкты кыргыздар....
Теңири Манас
- Автор: Ашым Жакыпбеков
- Жанры: Роман
- Жылы: 1995
- Басмакана: Кыргызстан
- Барагы: 560
- ISBN: 5-655-00967-9
- Жеткиликтүү: Текчеде
-
500Сом