кыргызча китеп Байдылда Сарногоев

Эне тилин билбеген,

Эси жогун аныктайт.

Эне тилин сүйбөгөн,

Элин сүйүп жарытпайт.  Деген ыр саптары Байдылда Сарногоевду акын катары өлбөстөрдүн катарына кошкону баарына маалым. 360 барактан турган бул китептен акындын ырларын, поэмаларын окуй аласыз.

БУГУБАЙДЫН БЕЛЕГИ

Бугубай Фрунзеге барып
Аялына келиптир,
Алты жоолук алып.
Аялы сындап жатты
Ар бирин алдына жайып.
Анан күйөөсүнө кайрылды
Каштарын кагып:
Күндө бирин салынып,
Сени кетемин го чанып.
Анда Бугубай
Сөзүн чуурутту шуруудай:
Кызыл жоолук алганым,
Сени кыз кезиңде сүйгөнүм.
Жашыл жоолук алганым,
Жанаша басып жаныңда,
Жаркылдап ойноп күлгөнүм.
Сары жоолук алганым
Сени менен
Сагынышкан күндөрүм.
Чаар жоолук алганым
Чарт-чурт этип кээде сен
Чатак салып ийгениң.
Ак жоолукту алганым
«Ала жипти» аттабай,
Сенин аппак бойдон жүргөнүң.
Кара жоолук алганым,
«Өлүгүңдү көрөйүн» деп
Мени эчен жолу тилдедиң.
Ошондонбу билбедим
Ооруп жүрөт бир жерим...
Анын да тиет кереги
А дүйнө кетсем кокустан
Айылдан издеп жүрбөгүн.
Анда аялы
Бүркөлө түшүп кабагы
Бугубайын кучактап
Мурдунан өөп
Бутуна чейин ызаттап,
«Оозуңа ок, өлбө» деп
Ыйлап ийди бышактап.
Букем болсо
Ого бетер оюн-чындап:
«Эмитен машыга бер ыйлап,
Оозума ок тийсе
Желкемден чыгат
Бул мени эми эле
Өлтүргөнү турат.
Кудайым берсин кубат.
Ошентип
Аялы салынып жүрөт
Бугубайдын белегин,
Бирок кара жоолуктан бөлөгүн.
Эми оозунан
Чыкпас болду эгерим
— Деген сөзү жеңенин:
«Өлүгүңдү көрөйүн».

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

Байдылда

  • Автор: Байдылда Сарногоев
  • Жанры: Поэзия
  • Жылы: 1997
  • Басмакана: Кыргызстан
  • Барагы: 360
  • ISBN: 5-655-0151-4
  • Жеткиликтүү: Текчеде
  • 250Сом


Сунушталган китептер

Көл толкуну

Көл толкуну

Улуу акыныбыз Алыкул Осмоновдун ырларын, поэмаларын бул китептен таба аласыз. Түзүүчү Т.Кожомбердиев..

300Сом

Мидин

Мидин

Мидин Алыбаевдин ырлары бир китепте! Жүрөгүмдү куйкалайсың жалындай. Жүралбаймын күндө сени сагы..

250Сом

Рубаилер Омар Хаям

Рубаилер Омар Хаям

Мейлиң жүз жыл, мейлиң миңге жашагын, Бирок чындык, көр алдында жатаарың. Падыша бол, кайырчы бол,..

350Сом

Издейм сени

Издейм сени

Качандыр бир жаралам деп ойлоном, Бул чеги жок табийгаттын колунан. Аалам кези айланыштуу жол ..

100Сом

Мен тоолордун уулумун

Мен тоолордун уулумун

Мурутума муз тоңсо да шыңгырап, Мурчуйса да мансаптуулар зыңгырап... ...Жүгүнбөймүн, жүзүм сат..

100Сом

Омор Султанов

Омор Султанов

Акын Омор Султановдун ырлар жыйнагы эми бир китепте. .................................. КУСАЛЫ..

380Сом

Карайлаба, Кан Манастын урпагы!

Карайлаба, Кан Манастын урпагы!

Акын, журналист Гүлжамила Шакированын мыкты чыгармалары топтолгон китеп сиздин назарыңызда. .......

400Сом

Алыкул Осмонов (тандалган чыгармалар 2 китеп)

Алыкул Осмонов (тандалган чыгармалар 2 китеп)

Алыкул Осмоновдун  100 жылдыгына арналып чыккан бул китептерге тандалган чыгармалары кирди. Акы..

1 400Сом

Райкан Шүкүрбеков тандалма чыгармалары ( 2 томдук)

Райкан Шүкүрбеков тандалма чыгармалары ( 2 томдук)

Сиз бул китептерден классик акын Райкан Шүкүрбековдун ырларын, тамсилдерин, термелерин, драмаларын, ..

800Сом

Антистандарт

Антистандарт

Антистандарт, Султан Раевдин ырлар жыйнагы. ..

350Сом

Теги: кыргызча, китеп, Байдылда, Сарногоев, ырлар, окуу