Жашоонун сыры кайда катылган?, Салтанат Кыдырмаева

Бул китепте адамзаттык казынадан алынган икаялар топтолгон

"Кадырлуу окурман! Ар улуттагы элдерге таандык икаялар канчалаган жылдарды, нечендеген кылымдарды карытканын ким билсин. Бирок, дале болсо алар жолдон жол арытып, муундан муун алмаштырып, биз көрүп-билбес кийинки заман-доорлорго чейин да улам көчүп, улам чакырык таштап адамдарды жашоого тарбиялап үндөй берери, дүйнөлүк акыл казынанын ичинде өчпөй жашай берери шексиз. Себеби, залкар жазуучубуз Түгөлбай Сыдыкбеков айткандай: "Эң кооз, эң маанилүү асыл мурас, бул -сууга жуулбас, отко күйбөс, алааматтарда кыйрабас Улуу Сөз сепилдери!" эмеспи.

Түбөлүктүү мезгил доорлордон, доорлор замандардан, замандар бир нече муунду камтыган адам баласынын мерчемдүү өмүр убактысынан турары белгилүү. Ошол ченелүү өмүргө мейман болуп келген биз да ойчул, акылман, даанышман, көсөмдөрдүн көрөңгөлүү азыгын барактап окуп, аны өз көкүрөгүбүзгө байырлатсак, жашоого жакшыны жайылтсак деген ниетте болдук."

Китепти түзгөн Салтанат Кыдырмаева, "Көк асаба" - Агартуу жана Маданият борбору

китептен үзүндү...

Күндөрдүн биринде даанышман өзүнүн шакирттерине суроо узатат:

  - Кандай ойлойсуңар, эмне үчүн адамдар бири-бирине катуу кыйкырышат?

- Анткени алар сабырсыздык кылышат, дейт бири.

- Ошентсе да, эмне үчүн алар бири-бирине жапжакын турса да кыйкырышат? Жакын тургандан кийин акырын айтса деле угулат эмеспи?

Шакирттер ар кандай жоопторду берип жатышты. Бирок, бир да жооп алардын устатын канаатандырбады. Анан ал аягында мындай деп түшүндүрдү:

- Адамдар бири-бирине нааразы болгон сайын алардын жүрөктөрүнүн аралыгы алыстайт. Нааразычылык канчалык күчөсө, аралык дагы ошончолук арылап, анан алар ошол алыс аралыктан бири-бирине сөздү жеткире айтыш үчүн кыйкыра башташат. Кыйкырбаса үндөрү жетпей калчудай болот. Ал эми арзуудагы жандар кандай сүйлөшүшөт? Жүрөктөрүнүн аралыгы жакын болгондуктан, алар жумшак жана акырын сүйлөшүшөт. Сүйүүлөрү күч алып жүрөктөр жанашып калганда болсо сөздөрү азаят. Ал эми жүрөктөрү бирдей сого баштаганда, алар назик шыбырашууга өтүшөт. Экөө бир бүтүндүктүн деңгээлине жеткенде гана сүйлөшүүгө өтүп, унчукпай сүйлөшүүнүн улуу түшүнүгүнө жетишишет.

Ой-пикирлерди жазуу

Көңүл буруңуз: HTML которулган эмес!
    Жаман           Жакшы

Жашоонун сыры кайда катылган?

  • Автор: Салтанат Кыдырмаева
  • Жанры: Жыйнак
  • Жылы: 2019
  • Басмакана: Улуу тоолор
  • Барагы: 272
  • ISBN: 978-9967-29-146-1
  • Жеткиликтүү: Текчеде
  • 350Сом


Сунушталган китептер

Ой гүлдөрү

Ой гүлдөрү

Ой гүлдөрү китеби сизди кайдыгер калтырбайт ..

350Сом

Асыл ойлор

Асыл ойлор

Асыл ойлор  (Рубаилер ). төртүнчү басылышы, автору Качкыналы Сыдыгалиев. Рубаи төрт сап ыр. ..

350Сом

Жашоо сабагы

Жашоо сабагы

"Жашоо сабагы" - бул "Бакдөөлөт" коомунун иштеп чыккан өздүк окутуу программасынын негизиндеги билим..

400Сом

Жашоонун ажары сүйүүдө

Жашоонун ажары сүйүүдө

Эл агартуунун отличниги Бүбүкан Жусупованын бул эмгеги жашоонун билимине негизделип өзүн-өзү тааныйы..

350Сом

Негизги 20 принцип

Негизги 20 принцип

Америка Психологдор Ассоциациясы тарабынан креативдүү, таланттуу жана жөндөмдүү балдарды окутуп үйрө..

200Сом

Икигай

Икигай

"Икигай" китеби. Япондордун узак жана бактылуу жашоосунун сырын билгиңиз керекби? Дүйнөдө эң узак ..

250Сом

Белегим...Демим... Жантеңим..

Белегим...Демим... Жантеңим..

Китептен үзүндү.... Негедир, тээ алыста калган, менин сагындырган ыйык сезимдерим менен сырдашкым..

150Сом

Теги: Жашоонун сыры кайда катылган?, Көк-асаба, Салтанат Кыдырмаева, китеп, икаялар, окуялар